Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Нарын шаарынан мыйзамсыз келген даабатчылар чыгарылды


Жыл башынан бери Нарын шаарына сырт жактан 16 адам даабат жүргүзүү үчүн келишкен. Бирок алардын айрымдарынын эч кандай документтери жок, уруксатсыз даабат кылып жүргөндөрү белгилүү болгон. Натыйжада Токтогул, Панфилов, Жайыл райондорунан жана Кара-Балта шаарынан келген сегиз даабатчы Нарын шаар аймагынан сыртка чыгарылып жиберилген. Мындай маалыматты Нарын шаарынын прокурорунун ага жардамчысы Темир Мырзалымбеков билдирди. Анын айтымында, ээнбаш даабатчылардын иш-аракеттери Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы 2009-жылы 10-февралында кабыл алган «Даабат иштерин жүргүзүү боюнча» жобого туура келбейт, ошондуктан облустун казысына прокурордук эскертүү берилген. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG