Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

БЭКтин Ош шаарындагы штаб башчысы А. Кангелдиевдин үстүнөн кылмыш иши козголду


Бул жөнүндө БЭКтин Ош шаардык штабынын башчысы, Түштүктөгү коомдук кыймылдын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев өзү «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, тергөө органдары жергиликтүү саясатчыны электр энергиясына, жаратылыш газына жана жылуулукка 35 миң сом карызды төлөгөн эмес деп айыптоодо. Оппозиционер Оштогу квартирада эки жылдан бери жашап, коммуналдык кызматтар менен убагында эсептешип турганын айтып, муну саясий куугунтук катары кароодо. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Тешебаев А.Кангелдиевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишинде саясий өңүт жоктугун, териштирүү мыйзам чегинде жүрүп жаткандыгын маалымдады. (ATo)

XS
SM
MD
LG