Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:10

Киевде өкмөткө каршы митингге 20 миң чамалуу адам чыкты


Украинанын борбору Киевдин борбордук аянтына бүгүн 20 миң чамалуу адам чыгып, өкмөттүн кызматтан кетүүсүн жана экономикалык туура эмес саясаты үчүн бийликтеги жоопту адамдарды жазага тартууну талап кылышты. Орусиячыл оппозиция уюштурган митинг катышуучулары өкмөт үйүнүн алдына чогулушуп, өкмөттү айыптаган түрдүү чакырыктарды жасашты. Ошондой эле нааразычылык билдиргендер президент Виктор Ющенконун да кызматтан кетишин талап кылышты. Митингди кийинки президенттик шайлоого аттанары күтүлүп жаткан Орусиячыл саясатчы Виктор Янукович уюштурган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG