Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Президенттин саламаттыгы жакшы


Мындай маалыматты президент Курманбек Бакиев Токмок шаарынын жанында өтүп жаткан ишембилик маалында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, кийинки кезде өзүнүн ден соолугуна байланыштуу ар кандай сөздөр чыгып жаткандыгын жакшы билет, бирок аларга эч кандай негиз жок. Ден соолугун бекем сактоо үчүн жумасына алты күн бою чуркап, көнүгүүлөрдү жасап тургандыктан саламаттыгым абдан жакшы деп кошумчалады президент. Коомдо көптөн бери президенттин саламаттыгы начар, ошон үчүн президенттик шайлоого өзү барбай, жакындарынан бирөөнү тандап жатат деген имиш пайда болгон.(BD)

XS
SM
MD
LG