Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Кытай Кыргызстандын маалымат айдыңына баш баккысы келет


Бул тууралуу Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кытайдын Улуттук сыналыгысы деп эсептелген CCTV -9 каналы Бишкектеги дециметрдик каналдардын биринен чыкмакчы. Күнүнө 24 сааттык эфирдик убакыт үчүн кытай тарап Баткен аймагына санариптик берүүнү киргизүүгө техникалык көмөк көрсөтөт. Бишкекте көрсөтүлө турчу Кытай улуттук телеканалы дээрлик англис тилинде жаңылыктар менен коштолуп, форматы CNN, “Евроньювс”, “Аль-Джазира” каналдарындай болот. Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Транспорт жана коммуникация министрлигининен билдиришкендей, бул телеканал бишкектиктердин назарына март айында эле сунушталып калмак. Бирок техникалык себептерден улам анын обого чыгышы бир аз кечеңдеп турат. (EK)

XS
SM
MD
LG