Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

К.Бакиев: Кыргыз бийлиги терең кайра курууларга багыт алды


Президент Курманбек Бакиев мындай пикирин бүгүнкү ишембиликтен кийин билдирди. Анын айтымында, кайра куруу айрыкча билим берүү, идеология жана мамлекеттик башкарууда жүргүзүлөт. Алар жакында өзү жарыя кылган “Жаңылануу багытында” көрсөтүлгөндүгүн жана анда ааламдашуу мезгилинде кыргыз эли улуттук өз алдынчалуулугун сактоо менен бирге мезгилге такымдаш жүрүп, жаңыча өнүгүүсү зарыл деп айтылгандыгын баса белгиледи. Президент “Жаңылануу багыттарын” жарыя кылгандан кийин оппозиция өкүлдөрү президенттин жаңы курсу кыргыз элинин мүнөзүнө коошпогон жана ишке ашыруу жолдору айтылбаган багыт деп сынга алышып, аны кыргыз элинин оюн түшүнбөгөн маалымат жайылтуу тобу жазып жатат деп билдиришкен.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG