Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:17

Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Манастагы аскерий базаны жабуу чечими толук кабыл алынды. А.Атамбаевдин бирдиктүү талапкер болуу мүмкүнчүлүгү артты.

Текебаевдин чегиниши

Оппозициялык Бириккен Элдик кыймыл тараптан президенттикке бирдиктүү талапкер катары чыгууга мүмкүнчүлүгү эң күчтүү болуп турган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого баруудан баш тартаарын 1-апрелде маалымдады. Айрымдар муну 1-апрелдеги тамаша деп да түшүндү. Бирок “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевдин чечими олуттуу экенин, ал оппозицияны шайлоо алдында бириктирүү үчүн ушундай кадамга барганын тастыкташты.

Эл ичинде эң таанымал жана популярдуу саясатчы болгон Өмүрбек Текебаевдин шайлоого баруудан баш тартуусуна эмне себеп болду?

Оппозициянын лидеринин бул чечими боюнча коомчулукта ар кандай жоромолдор бар.

Бирок бул чечим менен Өмүрбек Текебаев өз амбициясын тизгиндей алаарын тастыктады. Ошондой болсо да анын мындай чечим кабыл алуусуна 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо ар кандай жолдор менен оппозициянын парламенттен сүрүлүп калышы, сексуалдык мүнөздөгү видеотасманын жайылышы, алгылыктуу шайлоо кампаниясын жүргүзүү үчүн каражаттын жетишсиздиги, түштүк региондордо позициясынын анчалык күчтүү эместиги себеп болду окшойт. Өмүрбек Текебаев өз чечими тууралуу жакын арада билдирүү менен чыгаарын айтууда.

Азыркы мезгилде эми Өмүрбек Текебаевдин шайлоого баруудан баш тартуусу оппозициянын шансын күчөтөбү, же азайтабы деген суроо маанилүү болуп турат.

Эксперт Фарид Ниязовдун пикиринде Текебаевдин шайлоого баруудан баш тартуусу оппозиция үчүн проблема катары турат:

-Бул суроого бир жактуу жооп берүү кыйын. Кандай болгон күндө да оппозицияда эң биринчи орунда Өмүрбек Текебаев турат.
Ошондуктан анын шайлоого баруудан баш тартуусу оппозиция үчүн проблема болуп турат. Адамгерчилик жагынан алганда Өмүрбек Текебаевдин кадамы түшүнүктүү. Анткени акыркы мезгилде Текебаев аябай катуу чабуулдун астында калып олтурат. Ал эми анын шайлоого катышуудан баш тартуусу оппозицияга пайда, же зыян алып келерин мезгил таразалайт.

Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Иса Өмүркулов Өмүрбек Текебаевдин чечимине карата мындай пикирин билдирди:

-Мен ойлоймун, келечек үчүн туура, эң туура чечим болду. Саясий жактан да, бүт тараптан алганда туура кадам болду деп эсептеймин.

Атамбаевдин алдыга чыгуусу

Социал-демократтар демекчи, Өмүрбек Текебаевдин президенттикке баруудан баш тартуусунан кийин Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин оппозициядан бирдиктүү талапкер болуп чыгуусуна жол ачылды. Бирок бул маселе азырынча коомчулукта да, оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылда ачык талкуулана элек. Оппозиция тараптан учурда талапкер катары Исмаил Исаков, Темир Сариев жана Бактыбек Бешимовдун ысымдары да аталууда. Бирок баарынын ичинен Алмазбек Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү жогору экенин эксперт Фарид Ниязов белгилейт:

- Мен көз карашым боюнча, Алмаз Атамбаев абдан бараандуу фигура. Оппозиция тараптан аны бирдиктүү талапкер катары карап жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Туура, Атамбаев 2007-жылы премьер-министрликке барам деп өзүнүн имиджин бир аз бузуп алды. Андан сырткары өкмөт башчылыкка киришип жатып убада кылгандарынын баарын аткара алган жок. Бирок ошого карабастан анын премьер-министрлиги учурунда өндүрүш өсүп, инвестиция көбөйүп, жалпысынан алганда жаман болгон жок. Анын партиясы парламентке келди. Бул дагы жетишкендик. Анын артынан коррупциялык жаңжалдар чыккан жок.


Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев бул күндөрү Түркияда, андан кийин Россияда болоору кабарланууда. Атамбаевдин Түркияга сапары АКШ президенти Барак Обаманын Анкарага сапары менен тушташ келүүдө.

Алмазбек Атамбаевдин оппозициядан бирдиктүү талапкер болушу ыктымал экендигин Иса Өмүркулов жашырбады:


-Андай болушу ыктымал. Жакынкы күндөрү жалпы Бириккен Элдик Кыймылдын өкүлдөрү, Улуттук кеңеши кеңешип туруп, бир талапкер менен чыгабыз.

Айта кетүүчү нерсе,Социал-демократиялык партиядан президенттикке талапкер чыгуу мүмкүнчүлүгү партиянын лидерлеринин бири Иса Өмүркуловго каршы кылмыш иштин козголушу менен коштолду. Талдоочулар, муну шайлоо алдында партияны алсыратуу амалы катары да баалашууда.

Иса Өмүркуловго кандай айып коюлуп жатканын Финансы полициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нурила Батыралиева маалымдаган эле:

-Бир жаран Финансы полициясына кайрылып, (Иса Өмүркулов) чоң суммадагы акча алып кайтарып бербей жатат деп билдирген.Ошол боюнча финансы полициясы иликтөө ишин жүргүзүп, бүткөн соң Өмүркулов депутат болгон үчүн ал ишти Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Башкы прокуратура 26-мартта 2009-жылы Кылмыш кодекстин 311 беренесинин биринчи бөлүгү боюнча иш козгоду.

Финансы полициясынын маалыматына ылайык, Иса Өмүркулов Кыргыз темир жолун башкарып турган маалда Тауржан Байдаулетов аттуу казак атуулунан 60 миң доллар алган. Ал акчаны алуу менен Өмүркулов Кочкор-Торугарт темир жолун курууга казак атуулунун катышуусуна жол ачып бериш керек болгон. Бирок ал аткарылбай, азыркы мезгилде Тауржан Байдаулетов акчасын кайтарууну талап кылып жүрөт. Андан сырткары Иса Өмүркулов Кыргыз темир жолун башкарып турган мезгилдеги финансылык маселелерге байланыштуу эки кылмыш иши козголгон. Иса Өмуркулов мунун баарын саясий куугунтук катары баалап, бирок козголгон кылмыш иш тууралуу расмий маалымат бериле электигин билдирди:

- Мага расмий түрдө жанагындай доомат коюла элек. Эмне иш менен кылмыш иш козголгону тууралуу да айтыша элек.

Бийлик даярдыгы

Бул арада бийлик 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого даярдыкты толук кандуу жүргүзө баштады. Россиядан 150 миллион доллар гранттык жардам 31-мартта казнага келип түштү. Кыргыз-орус өкмөтүнүн 3-февралдагы келишимине ылайык ал гранттык жардам Кыргызстандын бюджетин жабууга жумшалат. Демек, анын шайлоо мезгилинде иштетилери турган иш болуп турат.
Москва 150 миллион долларды котороордон бир күн илгери, 30-мартта президент Курманбек Бакиев Манас аскерий базасын жабуу боюнча мыйзамга кол койгону 2-апрелде маалым болду.

Белгилүү болгондой АКШдан сырткары Манас аба майданына аскер жайгаштыруу үчүн 2001-жылы Кыргызстан менен 11 өлкө келишимге кол койгон. АКШ менен келишим жокко чыгарылгандан кийин 6-мартта Жогорку Кеңеш мына ошол 11 өлкө менен түзүлгөн келишимдерди да жокко чыгарган. Мына ошол келишимдерди жокко чыгарган мыйзамдарга президент 30-мартта кол койгон экен. Демек, ушуну менен АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерлери Манас аба майданынан август айынын соңуна карай чыгарылып кетүүгө тийиш.

Кыргызстандын бул чечими АКШ баш болгон батыш менен мамилесинин начарлашына алып келет, Кыргызстандын аброюна терс таасирин тийгизди дегендер да арбын. Бирок Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн кыргыз бийлиги ушундай кадамга барууга мажбур болгонун белгилеген тараптар бар.

Мына ушундай шартта бийликтин “Ак жол” партиясы курултайына даярдык көрүүдө. Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ибрагим Жунусовдун билдирүүсүнө караганда, партия курултайы 11-апрелге белгиленди. Анда президенттикке Курманбек Бакиевдин талапкерлиги көрсөтүлөт:

-“Ак жол” партиясынын курултайы 11-апрелде болот. Биз башка партияларга окшоп эки талапкер көрсөтпөйбүз. Кээ бир партиялар
эки талапкер чыгарабыз деп жатышпайбы. Бизде андай нерсе болбойт. Биз бир талапкерге токтолобуз. Ал биздин партиябыздын төрагасы Курманбек Салиевич Бакиев болот.

Ал эми Курманбек Бакиев 4-апрелде Токмокто ишембиликте болгон жерде ден соолугу мыкты экенин айтып, оппозиция менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди:

-Биз даярбыз. Биз дайым сүйлөшүп келгенбиз. Бирок мен ачык айтып коюушум керек мындан эки-үч жыл мурун мен ошол митингдерге чыгып жүргөнмүн. Анда мезгил башка болчу. Анда абал ошондой эле-чыгыш керек эле, сүйлөшүш керек эле. Азыр абал башка. Ошондуктан бийлик менен сүйлөшөм деген кандай гана оппозиционер болбосун келсин, талабын айтсын эмнеге каршы, эмнени сунуш кылат. Сүйлөшөлү. Башка жол жок.

Ал эми оппозиция 20-апрелге чейин 27-мартта берилген сунуштарга бийлик жооп бербесе, анда мөөнөтсүз нааразылык акцияларга чыгаарын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG