Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

“Бишкекнан” акционердик коому мамлекеттин карамагына өтүүгө кызыкдар


“Бишкекнан” акционердик коомунун жетекчилиги мындай өтүнүч менен Коомдук кордо кеңешке кайрылды. Ал тууралуу “Азаттыкка” кеңештин мүчөсү Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, бул маселе жакын арада кеңеште талкууланып, өкмөттүн кароосуна берилет. Акционердик коомдун өкүлдөрү мындай чечимге өкмөттөн кредит алып, өндүрүш менен өндүрүмдүүлүктү арттыруу максаты менен кайрылышкан. Алар өкмөттөн колдоо болуп, жабдуулар жаңыртылса күнүнө 125 миң бөлкө нан чыгарып, баасын 7-8 сомдон ашырбай сатууга боло тургандыгын эсептеп чыгышкан.(BD)

XS
SM
MD
LG