Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

«Ак шумкар» партиясынан сунушталган эки адам райондук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды


Мындай маалыматты Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиева билдирди. “Аталган партиядан сунушталган Советбек Байчериков Нарын райондук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз арызынын негизинде, ал эми Эрнист Абдразаков шайлоо кодексинин 16-беренесинин 3-бөлүмү менен Ак-Талаа райондук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды»,-дейт Майрам Тиленчиева. «Ак шумкар» партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Урмат Акунов бул маалыматты тастыктап, «партия атынан райондук шайлоо комиссия курамына киргендер туугандары тарабынан кысымга алынгандыктан мүчөлүктөн чыгып кетишүүдө»,- дейт. Нарын облусундагы 5 райондук, 1 шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө чүчү кулак кармоонун негизинде «Ак шумкар» партиясынан 5 адам кирген болчу. (KUs)

XS
SM
MD
LG