Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Балыкчы шаарынын бюджети өткөн жылдан 16 млн. сомго көп болот


Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары 77 млн. 802 миң сом менен шаардын бюджетин кабыл алды. Бул өткөн жылдан 16 млн. сомго көп. Шаардык кеңештин төрагасы А. Жаликовдун айтуусунда, бюджеттин негизги булагы – сатуудан түшкөн салык жыйымдары болот. Ал муниципиалдык жерлерди ижарага берүү же сатуудан түшөт. 78 млн.го жакын каражаттын 45 пайызы элге билим билим берүү тармагына жумшалат. Жалпы бюджеттин 30 млн.го жакыны республикадан каржыланат. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG