Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

ЦРУ Пакистандык талибдердин аткылоо тууралуу ырастоосун четке какты


Америкалык чалгын кызматы бүгүн Нью-Йорк штатындагы аткылоодо 13 кишинин окко учушу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган пакистандык Талибандын ырастоосу жалган экендигин билдирди. Пакистандык талибдердин кол башчысы Байтулла Мехсуд жума күнкү аткылоону «АКШнын Пакистандагы бомбалоолоруна биздин жообубуз» деп айткан эле. АКШнын полициясы Биңхамптон шаарындагы иммигранттар борборунда ок ачкан куралчан жакында Ай-Би-Эм компьютер компаниясындагы жумушунан айрылган 42 жаштагы түбү вьетнамдык иммигрант экендигин билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG