Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:12

А. Мухин: Базанын чыгарылышы менен АКШ Орто Азияда геосаясатын чыңдайт


Бул тууралуу Москвадагы “Саясий маалымат борборунун” башкы директору Алексей Мухин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында базанын чыгарылышына АКШ анчейин деле кайгырбайт . “Себеби мындай чечим Вашингтонду Орто Азия регионундагы башка өлкөлөр менен сүйлөшүүгө козутту жана бул багытта ийгиликтерге жетишти десек болот. Алардын максаты терроризмге каршы операциясына мүмкүн болушунча көбүрөөк мамлекетти кошуу. Анын ичинде Орусия жана Кытай. Албетте мындай иш аракетте АКШ үстөмдүк кылып жаткан тарап катары бул өлкөлөрдүн позициясына таасир этүү мүмкүнчүлүгүн алууга дилгир”, - дейт Алексей Мухин. 30-мартта, президент Курманбек Бакиев анти-террордук коалицияга мүчө 11 өлкө менен Манас аба майданында аскердик базаны жайгаштыруу боюнча 2001-жылы жетишкен келишимдерди жокко чыгаруу тууралуу мыйзамдарга кол койду. Эми бул мыйзамдар кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирип, база 180 күндүн ичинде өлкө аймагынан чыгарылууга тийиш. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG