Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Обама ядролук куралдарды жок кылууга чакырды


Обама Прагада сөз сүйлөдү, 5-апрел, 2009-жыл

Обама Прагада сөз сүйлөдү, 5-апрел, 2009-жыл

Бүгүн Прагада сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Кошмо Штаттары өзүнүн улуттук коопсуздук стратегиясында ядролук куралдын маанисин төмөндөтүүгө нийеттүү экендигин билдирди. Обама Европа сапарында бир гана Чех жумуриятында эл алдында сүйлөдү.

Өз сөзүндө Обама Түндүк Кореянын эртең мененки ракета сыноосун айыптады:

– Эл аралык чечкиндүү жооп берүүгө мезгил келди. Түндүк Корея коопсуздук жана сый-урматка коркутуу жана мыйзамсыз курал менен жетишүүгө болбой тургандыгын билиши керек. Бардык улуттар биригип азыркыдан күчтүү глобалдык система курушу керек. Түндүк Корея өз багытын өзгөртсүн үчүн баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып аракеттенишибиз зарыл.

Обама Түндүк Корея ракетасын сынагандан бир нече сааттан кийин сүйлөдү АКШнын президенти ядролук куралдарды жок кылуу, мындай куралдардын жайылышын токтотуу жана террористтердин ядролук материалдарга ээ болушуна жол бербөө аракетинде Вашингтон жол көрсөтө тургандыгын бышыктады:

– Ядролук курал колдонгон жалгыз өлкө катары Кошмо Штаттары чара көрүүгө моралдык милдети бар. Биз бул иште жалгыз-жарым максатыбызга жете албайбыз. Ошондуктан мен бүгүн ядролук куралсыз дүйнө, андагы тынчтык жана коопсуздук үчүн Кошмо Штаттары бүт дитин коюп аракеттенет деп ишенимдүүлүк менен ачык айтам.

Обаманын сөзүн угууга келген 30 миңдей киши Прага чебиндеги аянтка жык-жыйма болду. Обама Чех жумуриятына кечээ НАТОнун 60 жылдыгына арналган Страссбургдагы самиттен келген эле. Европалык сапарын Обама Лондондогу Чоң 20нын самитинен баштаган.

Прагадан кийин АКШнын президенти Түркияга жол тартууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG