Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Жалал-Абат: А. Текебаев өзүнө ачылган кылмыш ишти саясий сыйыртмак деп билет


Асылбек Текебаев каржы полициясы ачкан кылмыш ишти саясий буюртма жана кысым көрсөтүү деп баалады. Анын айтымында? Оштогу ага караштуу «8-сентябрь» кафеси көп жылдан бери иштебейт жана былтыр ижара акыга 30 миң сом акча төлөнгөн. Кылмыш иштин 20-апрелге күтүлгөн митингге тоскоолдук кылуу ниетинде болгонун 31-апрелде ачылганы ырастап турат. "Анткени мен ал митингге даярдык көрүү боюнча партиянын Жалал-Абат, Ош, Баткен аймактарына бекиген башчысы болчумун", -деп билдирди Асылбек Текебаев. Кечээ маалымат каражаттары Ош шаардык каржы полициясы Асылбек Текебаевге кылмыш иши ачылганы тууралуу билдиришкен. Анда кафени курууда жер кодекси бузулганы жана ашкана жайгашкан парк менен келишим түзүлбөгөнү, А.Текебаев мамлекетке 84 миң сом төлөбөгөн деп жазылган. (YA)

XS
SM
MD
LG