Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Нарында «Ак Шумкар» партиясынын өкүлдөрү кысымга чыдабай, шайлоо комиссияларынан чыгып кетип жатышат


Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиева билдирген маалыматка караганда, «Ак Шумкар» партиясынан сунушталган Советбек Байчериков Нарын райондук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз арызынын негизинде, ал эми Эрнист Абдразаков шайлоо кодексинин 16-беренесинин 3-бөлүмү менен Ак-Талаа райондук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды. «Ак Шумкар» партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Урмат Акунов бул маалыматты тастыктап, «партия атынан райондук шайлоо комиссия курамына киргендер туугандары тарабынан кысымга алынгандыктан мүчөлүктөн чыгып кетишүүдө»,- деп билдирди. Нарын облусундагы 5 райондук, бир шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө чүчү кулак кармоонун негизинде «Ак-Шумкар» партиясынан 5 адам кирген болчу. (KUs)

XS
SM
MD
LG