Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

“Кылым шамы” укук коргоочу уюмдарга жардам сурап кайрылды


Ноокат окуясы боюнча соттолгондордун жакындарына укуктук жардам керек болгон үчүн "Кылым шамы" борбору эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарына ушундай кайрылуу жолдоду деп билдирди "Азаттыкка" борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова. Укук коргоочунун айтымында соттолгондордун үй-бүлөлөрү оор жагдайга кирептер болушууда. Жаза алган он чакты кишинин туугандары каражаты жок Жогорку Сотко апелляциялык арыз бере албай жатышат. Ошол эле мезгилде алар пенсия, пособие алууда тоскоолдуктарга кабылышууда.
Абдырасулованын айтымында үй-бүлөлөрдөн түзүлгөн комиссия учурда расмий бийлик өкүлдөрү, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууларды өткөрүп, абалдан чыгуунун аргасын издешүүдө.
Былтыр Ноокатта орозо айт маалында тополоң уюштуруп, Конституциялык түзүлүшкө кол салды деген кине менен кыргызстандык 32 кишиге узак мөөнөттүү жаза чектелген. Алардын арасында эки аял бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG