Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

АКШ президенти Түркияга барды


Барак Обама Анкарага иш сапары менен келди. Эки күндүк сапары маалында АКШ президенти түрк жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшөт. Бүгүн Барак Обама Түркиянын президенти Абдулла Гүл, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Эртең Стамбулга барып, тарыхый жерлерди көрөт, университеттин студенттери менен жолугушат. Түркияга сапары алдында Барак Обама Чехиянын борбору Прагада өткөн Евробиримдиктин саммитине катышты. Анда Обама Түркиянын Биримдикке мүчө болуу мүдөөсүн колдоп, бул Батыш ислам мамлекети менен тыгыз кызматташтыкты шарттайт деген. Франция президенти Николя Саркози мындай пикирди колдогон эмес. Немис канцлери Ангела Меркел Евробиримдикке Туркиянын мүчө болуу ыктымалдыгы ачык бойдон каларын белгилеген.

XS
SM
MD
LG