Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Президенттикке биринчи талапкер БШКга арыз берди


БШКга өзүн президенттикке талапкер катары каттоо арызын мурдагы Кыргызстан патриоттук партиясынын түзүүчүсү Назарбек Нышанов берди. Мындай маалыматты "Азаттыкка" Нышанов өзү кабарлады. Ал акыркы кезде "Коррупциялык системага каршы күрөш боюнча элдик- патриоттук кыймылды уюштуруп, азыркы президентке импичмент жарыялоо үчүн атуулдардын колун топтоп жүргөн.БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, арыз берген талапкер эми комиссияга өзүнүн 50 адамдан турган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн документтерин алып келип, кол топтоого уруксаат алышы керек. Шайлоо Кодексинин 27-28-беренелерине ылайык БШК талапкердин тиешелүү документтеринин негизинде ыйгарым өкүлдөрү боюнча чечим кабыл алгандан кийин кол чогултуу ишине кирише алат. БШК бул маселени талапкер тиешелүү документтерди толук берери менен кароого милдеттүү.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG