Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Багдаддагы жарылуулардан 32 адам мерт болду


Полициянын айтымында, Ирак башкааласынын ар кайсыл жеринде бүгүн эртең менен алты автоунаа жарылды. Андан кеминде 32 адам өлүп, токсондон ашууну жаракат алды. Эң көп жоготуу Багдаддын чыгышындагы Садр шаар районунун эл көп келген базарында болду. Ал жерде автоунаанын жарылуусунан кеминде он адам каза таап, 28и жаракат алган.

Ал эми АКШ армиясынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Багдаддан түндүк тараптагы Дияла провинциясындагы операция учурунда бир америкалык аскер каза тапты.

XS
SM
MD
LG