Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

А.Алиевдин өлүмү боюнча сот иши уланды


Ички иштер министрлигинин баңги бизнесине каршы күрөш башкармасынын башчысынын орун басары Анвар Алиевдин өлүмү боюнча сот ишин бүгүн Бишкектин Свердлов райондук соту улантты. Бул күнү ИИМдин криминалисттик борборунун кызматкери Виктор Аванесов көрсөтмө берип, Алиев атып өлтүрүлдү деген тапанча атайылап бузулган деп билдирди. Анын айтымында, тапанча ок атылгандан кийин балка же башка курал менен таанылгыс болуп бузулган. Алиевди өлтүрүүгө катышы бар деген шек менен Ош шаарынын ички иштер баркармасынын төрт кызматкери камакка алынган. Аларга 100 килограммдык баңги затын алмаштырууну жана келтирилген зыянды жашыруу үчүн Алиевди өлтүрүүгө барышкан деген айып коюлган. Иш боюнча 110 күбө суракка тартылган. Сот эми 7-апрелде уланат.(BD)

XS
SM
MD
LG