Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Жалал-Абатта мурдагы депутат К. Батыровду коргоо штабы түзүлдү


Мындай маалымат облустук өзбек улуттук маданий борборунун төрага орунбасары Улугбек Абдусаламовдон бүгүн алынды. Анын билдиришинче, Кадыржан Батыровду коргоо штабына 120 адам кирди. Алар экс-депутатка жана анын мүлкүнө тиешелүү маселелерди мыйзам ченемдүү чечүүнү бийликтен өтүнүүдө. Батыровго тиешелүү үйдү ээлегендерден үйдү бошотуу тууралуу сот иши түрдүү шылтоолор менен артка жылууда. Үйдү басып алгандардын бири Батыровдун курулуш материалдарынан кошумча имарат курдурганда акт түзүлгөн. Ал боюнча чара көрүлбөй, аялдын арызы менен Батыровго кылмыш иши козголгон. Экс депутат бийликке жардам берип, университет, спорт зал куруп, медициалык клиника ачып, элге шарт түзсө, президенттик шайлоо жакындаганда жогоркудай аракеттер мыйзам жолу менен чечилүүсү абзел дейт У.Абдусаламов. Шаар прокурору Раимжан Сатаров экс-депутатка шаардык милиция ээнбаштык деген берене менен кылмыш иш козгогонун билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG