Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Барак Обама: АКШ ислам менен согушуп жаткан жок


Президент Барак Обаманын айтымында, ал АКШнын мусулман дүйнөсү менен алакасы “ал-Каидага” каршы күрөш менен аныкталуусун каалабайт. Бүгүн Түркиянын парламентинде сүйлөп жатып, Барак Обама АКШ менен мусулман дүйнөсүнүн алакасы чыңалганын моюнга алды. Ал ошондой эле Кошмо Штаттар “ислам менен согушуп жатпаганын” баса белгиледи. АКШ президенти ага катар Түркиянын Евробиримдикке кошулуу мүдөөсүнө колдоо көргөздү, Анкаранын биримдикке кирүүсү Европаны чыңдаарына токтолду.

Мунун алдында Барак Обама Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн Армения менен “узактан бери келе жаткан маселелердин топтомун” чечүү үчүн эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышуусун кубаттаган эле. Анкарада АКШ президентинин түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен да сүйлөшүүлөрү белгиленген.

Андан кийин Обама "Цивилизациялар альянсы" деген эл аралык форумга катышуу үчүн бүгүн эле Стамбул шаарына барат.

XS
SM
MD
LG