Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

БЭК кардиналдык аракеттерге даярданууда


6-апрелде БЭКтин Улуттук кеңешинин жыйыны болуп, анда 15-апрелге чейин митингди өткөрүү, президенттик шайлоого талапкерди алып чыгуунун жол-жобосун иштеп чыгуу саясий бюрого тапшырылды

Улуттук кеңештин жыйынын алып барган БЭКтин штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров маалымат берип, Бириккен элдик кыймылдын мүчөлүгүнөн «Асаба» партиясы чыкканын билдирди. Экс-премьер-министр Амангелди Муралиев башында турган «Ала-Тоо ынтымагы» бирикмеси дагы БЭКтин курамынан чыгууга ниети бар экендигин, булар бийликтин кысымынан улам оппозициядан чыгууга мажбур болушканын айтты.

Бекназаров белгилегендей, 27-марттагы митингден кийин БЭКтин мүчөлөрүнө бийликтин кысымы күчөп Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловго кылмыш иши ачылып, генерал Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаковго дагы экинчи ирет кылмыш иши козголгон. БЭКтин саясий бюросу СДПнын лидери Алмаз Атамбаев иш сапарынан келгенден кийин БЭКтин мүчөлөрү, коомчулук күткөн чечимди кабыл алат, дейт Бекнзаров.

-15-апрелге чейин кардиналдык чечимдерге келебиз. Президенттик шайлоого БЭК бир талапкер менен барабы же бир фронт менен барабы?,-деген маселе боюнча кеңеш жүрүп жатат. Шайлоого чейин жеткизбейбиз. Шалоого чейин муну жок кылыш керек.

Бекназаров БЭКтин мүчөлөрүн 9-апрелде Биринчи май райондук сотуна барып, камакта жаткан «Акыйкат үчүн» кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловду жана парламент депутаты Иса Өмүркуловду Жогорку Кеңешке барып колдоого чакырды. Анын айтымында, бейшемби күнү райсот А.Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын, Жогорку Кеңеш И.Өмүркуловдун депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратуу маселесин карашы мүмкүн.

БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев болсо Курманбек Бакиев кызматта турганда саясий куугунтук токтолбостугун, аны президенттик шайлоого чейин кызматтан кетирүүнүн жол жоболорун саясий бюро кечиктирип жатканын айтты.

-Эгерде шайлоого чейин аны кетире албасак, шайлоого Бакиев кирди дегиче сөзсүз фальсификация менен шайлоо өтүп, аны президент болду деп жарыялап коюшат. Экинчиси, эгерде биз 20-апрелден кийин элди митингке келгиле, деп чакырып алып анан таркап кете бергиле эртең келесиңер десек, анда эл БЭКке дагы ишенбей калат. Ошондуктан БЭКке менин сунушум, 20-апрелден кийин чогула турган болсок К.Бакиевди кетирүү үчүн митингке чыгышыбыз керек.

Улуттук кеңештин жыйынында чыгып сүйлөгөндөр 27-марттагы митингдин талаптарын бийлик аткарбаса президенттик шайлоону Курманбек Бакиевсиз өткөрүү, аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү керектигин айтышты.

Расмий бийлик өкүлдөрү, айрым саясат талдоочулар БЭКтин койгон дооматтарында негиз жоктугун, алдыдагы президенттик шайлоо мыйзам чегинде, демократиялык жол менен өтөрүн белгилешүүдө.

Президент Курманбек Бакиев 4-апрелде Токмоктогу токой чарбасына ишембиликке барганда журналисттер менен жолугушуп, оппозиция менен сүйлөшүүгө бара тургандыгын дагы бир жолу ырастаган.

-Бийлик менен сүйлөшөм деген кандай гана оппозиционер болбосун келсин. Талабын айтсын. Эмнеге каршы? Эмне сунуш кылат? Сүйлөшөлүк. Башка жол жок,-деген болчу Бакиев.

XS
SM
MD
LG