Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

ЭВК Европанын чыгышы еврого тезирээк өтүүсү керек деп эсептейт


Еврозонага азырынча Евробиримдиктин он алты өлкөсү гана кирет.
Еврозонага азырынча Евробиримдиктин он алты өлкөсү гана кирет.

Эл аралык валюта кору Евробиримдиктин борбору менен чыгышынын экономикалык кризистен сокку жеген өлкөлөрү еврозонанын толук кандуу мүчөсү болбосо да, акчасын алмаштыруусу керек деп эсептейт. Жогорудагыдай сунуш уюмдун жашыруун баяндамасында айтыларын Лондондо чыгуучу “Financial Times” гезити жазып чыкты.

Британдык “Financial Times” гезитинин жазганына караганда, Эл аралык валюта корунун жашыруун баяндамасы басылманын колуна бул уюм жана башка эл аралык каржы институттары Евробиримдик жана Чыгыш Европа өлкөлөрү үчүн кеңири масштабдуу антикризисттик стратегиясына колдоо таба албай койгон соң тийген.

Гезит жарыялаган маалыматка ылайык, баяндамада Евробиримдиктин кризистен катуу сокку жеке Борбордук жана Чыгыш Европадагы өлкөлөрү өзүлөрүнүн улуттук акчаларынан баш тартып, еврого өткөнү оң экени айтылат.

Эл аралык валюта корунун сунушу боюнча еврозонага кирүүдө жаңы өлкөлөргө жеңилдиктер берилип, бирок ошол эле учурда аларга Европананын Борбордук банкында башкармалык мүчөсүнүн ордун тартууланбай койсо болот.

“Financial Times” гезитиндеги макаланын автору жана басылманын Чыгыш Европа боюнча редактору Стефан Вагстил (Stefan Wagstyl) “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кабарчысы менен маегинде алар алган жашыруун документтин маанисин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Эки-үч апта мурда эле жандуу жүргөн талкуулардын контексти - кризистин шартында Европанын чыгышындагы өлкөлөрдүн еврозонага кирүүсү боюнча эрежелерди жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү эле. Ошол учурда коомдук талкуулар Эл аралык валюта кору, Европанын өнүгүү жана реконструкция банкы өңдүү эл аралык уюмдардын багыты боюнча кетип жаткандай, жеңил-желпи эле ишке ашып кетүүчүдөй көрүнгөн. Еврозонанын өкүллдөрү, өзгөчө Германия эрежелер жумшартылуусу керек деген сунушка абдан сак болду. Бул маалыматтын мааниси - коомчулукка жарыяланганга караганда, жеке талкуулар абдан курч жана ургалдуу жүргөнүндө.

Эл аралык валюта кору жашыруун сунуштары боюнча басма сөздө жарыяланган маалыматтарды комментарийлей элек. Бирок уюмдун аткаруучу директору Доминик Стросс-Кан жакында, Чоң жыйырмалыктын саммити учурунда айрым өлкөлөр кээде алардын кеңештерин четке кагып жатканын моюндаган:

Доминик Стросс-Кан
-Эл аралык валюта кору болжолдоочу гана эмес, саясатты аныктоочу катары да азыр таанылган. Мен Чоң жыйырмалыктын ар кайсыл өлкөлөрү биз туура деп эсептегендердин баарын эле дайыма жасайт берет деп айтпайм. Бирок биз жок дегенде кандай саясат жүргүзүлүшү керектигин талкуулап, анализ кылгыдай өнөктөшпүз.

Чоң жыйырмалыктын өлкөлөрү өткөн аптада Лондондо болгон саммитинде Эл аралык валюта кору кризистен жапа чеккен өлкөлөргө жардам көргөзүүсү үчүн анын кражатын 750 миллиард долларга чыгарууну макулдашты.

“Financial Times” гезитинин редактору Стефан Вагистилдин көз карашында, Эл аралык валюта кору өз баяндамасында көтөргөн экономикалык маселелер күн тартибинде кала берет, евро боюнча талкуулардын алдыдагы айларда же 2009-жылдын соңуна чейин эле кайра жандануусу таң калычтуу эмес.

- Эл аралык валюта корунун ырастоосунда экономикасы бир нече жылдан бери чет элдик инвестицияга, кредитке көз каранды жана ушул негизде чоң экономикалык өсүштү камсыз кылган бул өлкөлөр эми башка дүйнөгө ылайыкташуусу зарыл деп ырастоодо. Ылайыкташуучу нерселердин бири - азыр орун алып жаткан экономикалык төмөндөө. Бул өз кезегинде бюджетти реструктуризациялоону талап кылат.Эл аралык валюта муну өлкөлөр еврону кабыл алган шартта жасоо кыйла жеңил болорун айтып жатат. Анткени валюта боюнча тобокелчилик жоголот.

Кокус чара көрүлбөсө, Батыш Европанын салык төлөөчүлөрүнө Чыгыштагы банктарды көтөрмөлөө үчүн кетүүчү чыгымды төлөөгө туура келүүчүдөй. Анткени Борбордук жана Чыгыш Европадагы банк секторунун олуттуу үлүшүнө Батыш банкттары ээлик кылат жана алар бул тармакты акыркы бир нече жылдан бери инвестициялап келишкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG