ЕККУнун кеңсесинен алынган маалыматка караганда жолугушууга Кыргызстанда иштеп жаткан элчилер, шайлоо тармагында иш алып барган эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын жетекчилери чакырылган. Анда шайлоого камылгалар, шайлоону уюштуруунун максат-милдеттери боюнча пикир алмашуу жүрөт. Жолугушууну ЕККУнун Бишкек кеңсесинин башчысы Эндрю Тесорьер менен БШК төрагасы Дамир Лисовский алып барат. (BuS)