Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев "Азаттыктын" таңкы маегинде мамлекеттик тил, президенттик шайлоо жана суу-энергетикалык саясат тууралуу кеп салып берди.

- Исхак мырза, Коммунисттик партия 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого катышабы?

-
Негизинен даярдык көрүлүп жатат. 11-апрелге партиянын Борбордук комитетинин пленумун пландаштырганбыз, ошол жерде пикир алмашып, Кыргызстандагы азыркы абалга көз карашыбызды билдиребиз. Андан кийинчерээк партиянын курултайы чакырылат. Мына ошондо шайлоого кандай катышаарыбызды чечебиз.

- Азыркы президент Курманбек Бакиевдин 4 жылдык бийлиги ийгиликтүү болду деп эсептейсизби?

- Толук ийгиликтүү деп айта албаймын. Бирок жылыштар болуп жатат. Аракеттер жасалууда.

- Курманбек Бакиевге оппозициядан ким татыктуу атаандаш боло алат?

И.Масалиев:- Теорияда татыктуу кишилер көп. Президенттикке күрөшкө чыга тургандар андан да көп болот деп ойлоймун. Ал эми канчалык деңгээлде президент болот - аны айтуу кыйын. Бүгүнкү күндө оппозицияда бирдиктүүлүк жетишпей жатат. Андан сырткары шайлоо деген абдан кымбат нерсе. Ага оппозицияда мүмкүнчүлүк болобу, болбойбу? Ушул жагын да караш керек.

-
Исхак мырза, сиз мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечилеринин бирисиз. Мына ушул багыттагы суроолорго кайрылсак. Өзгөртүүлөр кабыл алынса, кыргыз тилин мамлекеттик иш-чараларда пайдалануу оң жагына бурулабы?

- Жылыштар болуш керек. Биздин мыйзам долбоорду сунуштаганыбыздын максаты мамлекеттик тилди дагы бир бийиктикке чыгарып, аны өнүктүрүүдө болуп жатат. Эгерде биздин долбоорду депутаттар кабыл алып, президент кол коюп күчүнө кирсе, анда бир топ мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Айрыкча мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди керектүү деңгээлде билиш керек деген талапты коюп жатабыз. Болбосо биз өнүгүштүн ордуна күнүмдүк иш чараларды жүргүзүп жатабыз, а дайыма иштей турган система бүгүнкү күндө жок болуп жатат.

- Бизде өзгөчө аткаруу бийлигинде мамлекеттик тилди колдонууда абдан кемчиликтер байкалып келет. Аны өзгөртүү чаралары, талаптар барбы?

- Андай талап азыр иштеп жаткан мыйзамда да бар. Бардык иш чаралар мамлекеттик тилде өтүш керек деген...

- Же расмий тилде өтөт деген?...

- Кээ бир учурда расмий тилде болуш керек деген талап бар. Бирок көп учурларда кайсы бир иш-чара мамлекеттик тилде башталып, аягы орус тилине өтүп кетип жатат.

- Эми ошону кантип жойсо болот?

- Бүт дүйнөлүк практиканы карасаңыз, бул үчүн кылымдан-кылымга шарт түзүлүш керек окшойт. Турмуш аркылуу мажбурлаш керек. Мисалы, Германияда немис тилди сөзсүз билишиң керек деген талап мыйзамда, Конституцияда жок. Бирок тилди билбесең чоңое албайсың, иштей албайсың, же жашай албайсың. Эми немистер моно улут болуп келген. Кийинчерээк түрктөр жана башка улуттар аларга кошулган. А бизде учурда 80ден ашуун улуттар бар. Ошондуктан бизде абал башкачараак.

- Исхак мырза, Кыргызстанда өтө маанилүү болуп жаткан суу-энергетикалык маселеге байланыштуу да суроо менен кайрылайын деп турам. Мына Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандын ГЭС курулушуна биригип каршы тураары айтылууда. Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик тышкы иштер министрлери суу-энергетикалык маселени талкуулай турган болуп жатат. Биздин бул багыттагы саясат кандай болуш керек?

- Биринчиден, биз эгемендүү мамлекет болгондон кийин сөзсүз өзүбүз чечим кабыл алышыбыз керек. Экинчиден, эмне себептен каршы болуп жатканын да эсепке алышыбыз керек. Мисалы, чоң гидрокурулушту курганда кандайдыр бир таасири тийиши мүмкүн. Суу азайып кетиши мүмкүн деген чочулоор болушу ыктымал. Ошолорду эсеп-кысап кылып туруп, кошуналар менен кошуналардай мамиле түзүп, эгерде чынында эле негизделген коркунуч болсо, анда аны эске алышыбыз керек. А негизи мамлекет эгемен болгондон кийин өзүбүздүн экономикалык кызыкчылыкты, элибиздин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG