Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Баңгиликке каршы күрөш агенттиги: А.Саипов атылган тапанча табылды


Мындай маалыматты "Азаттыкка" Баңгиликке көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Кумар Чалданбаев билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын 24-февралында Лейлек районунда 16 килограмм баңгизаты менен кармалган атуулдун жанынан "Макаров" тибиндеги тапанча табылган. Аны Ички иштер министрлигинин эксперттик-криминалисттик борборунда текшергенде ошол тапанчадан журналист Алишер Саипов атылгандыгы аныкталган. Андан кийин 2007-жылдын 14-февралында Бишкектеги "Хо" деген түнкү оюн жайында болгон атышууда ошол эле тапанчадан ок атылганы далилденген.(BD)

XS
SM
MD
LG