Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Бүгүн райондук сот А.Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын карайт


Бүгүн кечки беште Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Акыйкат үчүн" кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карайт. Мындай маалыматты "Азаттыкка" "Ата Мекен" партиясынын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, Аликбек Жекшенкуловдун жактоочусу Нина Зотова сот башка коргоо чарасын өзгөртүү боюнча берген арызын 9-апрелде карайт деп болжоп жаткан, бирок эч кимге кабарлабай туруп сот жараянды бүгүнкүгө белгилеп койгон. Ал эми Нина Зотова Башкы прокуратура Жекшенкуловду абакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартуу өтүнүчүн сотко бергендигин кабарлады.Аликбек Жекшенкулов 9-мартта камакка алынып, сот абакта бир ай кармалсын деген чечимин 10-мартта чыгарган.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG