Бул тууралуу "Азаттыкка" "Саясий куугунтукка каршы күрөшүү" комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди.Анын айтымында, Замир Парманкуловдун ачкачылык жарыялоого ден соолугу жол бербей тургандыгын экс-депутатты коргоо комитетинин өкүлдөрү эскертишип, акциясын токтотууну талап кылышты. Парманкулов акциясын токтотпой тургандыгын, муну менен өзү жөн жерден абакта жаткандыгын коомчулукка билдирүү максатын көздөп жаткандыгын билдирди,-дейт Т.Тургуналиев. Экс-депутатка 2004-жылкы окуя боюнча ээнбаштык кылган жана өткөн айда президенттин наамына акаарат келтирген деген кине менен кылмыш иши ачылып, 5-апрелде Ош шаарында камакка алынган.(BD)