Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Чүй: Үйлөрү түрттүрүлгөндөр жер сурашууда


Бул туурасында үй куруучулардын укугун коргоп жүргөн Салтанат Чомоева “Азаттыкка” билдирди. “2007-жылы Чүй облустук бийлиги Аламүдүн жана Сокулук районундагы мыйзамсыз салынган үйлөрдү түрттүрүп салган. Төмөнкү Ала-Арчадагы үй курууга жараксыз деген жерди ошол эле жылы жергиликтүү бийлик кытай ишкерлерине көп жылдык ижарага бергенин маалым. Ал жерден куулган жүзгө жакын үй-бүлөө азыркыга чейин үй жайсыз жүрүшөт”, - деп билдирген С. Чомоева облус башчысы Б. Кумаровго жер сурап кайрылган. Бирок губернатор Манас аэропорту жактагы 500 гектар жерге байланыштуу өкмөт азырынча чечим чыгара электигин “Азаттыкка” билдирди. “Жакынкы аралыкта Чүйдүн Сокулук районунан жер бөлүнөт, бирок жер мыйзамдуу укугу барларга гана берилет”,- деп кошумчалады губернатор Б. Кумаров. (JJ)

XS
SM
MD
LG