Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Кишиневдо нааразылык чаралары өтүп жатат


Молдованын борбор шаары Кишиневдо миңдеген адам парламенттик шайлоонун жыйнытыктарына нааразылыгын билдирип, көчөлөргө чыгышты. Жекшемби күнкү шайлоодо президент Владимир Ворониндин коммунисттик партиясы добуштардын дээрлик 50 процентин жеңди. Муну менен коммунисттер парламентте көпүчлүккө ээ болуп, эмки президентти шайлоо мүмкүнүчлүгүн алышты. Конституция Воронинге үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышууга жол бербейт. 10 миңдей демонстрант, көбүнчө жаштар, экинчи күн катары менен президенттик сарайдын жанында наарызылыгын билдирип турушат. Алар бийликтеги коммунисттик партияны шайлоодогу бурмалоолор үчүн айыпташууда. Кабарларга караганда, кээ бир демонстранттар имаратка кирүүгө аракеттенип, терезелерин таш менен талкалашты. Бирок шаар мэри, батышчыл Либерал партиясынын жетекчиси Дорин Киртоакенин ырастоосунда, зомбулук тынч демонстранттардын арасына атайын кошулган провокаторлор тарабынан уюштурулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG