Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Бабырбек Жээнбеков Нью-Йоркто жүрөгүн дарылатты


"Ачык Саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Нью-Йорк шаарындагы ооруканада жүрөгүн дарылатып чыкты. Башта белгилүү болгондой Жээнбековго каршы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан "Шылуунчулук" деген берене боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Океандын ар жагына дарыланууга кеткенден кийин Жээнбеков Кыргызстанга келеби же АКШда баш паанек сурап калабы деген жоромолдор коомчулукта көп айтылууда. Ушул суроолорго жооп алуу үчүн "Азаттык" Бабырбек Жээнбеков менен маек курду.

- Бабырбек мырза, жаңы эле оорукандан чыктым деп атасыз. Азыр өзүнүздү кандай сезип жатасыз?

- Нью-Йорк шаарындагы оорукадан чыкканыма мына бүгүн эки күн болду. Бул жердеги медицинанын деңгээлине абдан ыраазымын, ушунчалык операцияны тездик менен жогорку деңгээлде жасап беришти. Операция болгондон кийинки алгачкы сезим ушундай болуп атат - Кыргызстандагы айрым массалык маалымат каражаттары Жээнбеков операцияны шылтоолоп Америкага качып кетти, эми экинчи келбейт деген маалыматты айтып жаткан экен. Эми муну ошол журналисттердин абийир-уятына коелу. Бирок мен Кыргызстандан качкан жокмун, бир аз жакшы болгондон кийин Кыргзыстанга барам, белетим дагы бар.

- Кыргызстанда сиз кириптер болгон кылмыш иши турат, иш тергелип, сот жараяны болуш керек. Сот адилет карайт деп ойлойсузбу?Деги эле Сиз жеке коопсуздугуңуз үчүн коркпойсузбу?

- Кыргызстандын сот системасында адилет сот системсы барбы жокпу деген, албетте, ойлонто турган маселе да. Бирок менин абалымдагы киши сот адилеттиги жок деп эч убакта айткысы келбейт. Анткени кандай болгон күндө да адам эртеңки күндөн кандайдыр бир жакшылык болсо экен деп үмүттөнөт. Ошондуктан мен дагы эртең сот процесси боло турган болсо, мен албетте, соттордон акыйкаттыкты күтөм.

Экинчиден азыркы тергөө органдары мага таккан айыпты мен мойнума алган жокмун. Анткени бул иш 2007-жылы бир козголгон болчу. Республиканын Башкы прократурасы бул боюнча тергөө жүргүзүп бул жарандык тартипте чечилчү маселе экен деген негизде ишти кыскарткан. Түшүнүктүү себептер менен иш кайрадан козголуп жатат. Мен дагы эле эгер сот акыйкат жүрө турган болсо, мыйзамдын талаптары аткарыла турган болсо, анда бул кыскартыла турган иш деп ойлом.

Бул атайын кандайдыр бир кызыкдар тараптар жасалган иш. Мен көптөн бери эле кайталап айтып келатам - бул биринчи кезекте Жээнбековдорду майтарууга, сындырууга аракет деп баалайм. Анткени менин уулум Равшан Жээнбеков дагы эки жылдан бери Америка жергесинде жүрөт.

Ага дагы болбогон шылтоолор менен кылмыш ишин козгоп, Интерпол аркылуу издөө жарыялап, сот камакка алынсын деген чечимин чыгарып койгон. Эми бул эмне үчүн мындай болуп жатканы сокур адамга да көрүнүп турган нерсе. Мен "Ачык саясат", ага чейин "Алиби" гезитин ачып иштетип баштадым. Ошондон бери бул Жээнбековдор тынчыбайт экен деген ойдо Равшанга эч нерсе кыла алышпагандан кийин, Кыргызстанда жүргөн атасына бир чара көрсөк булар тынчып калабы деген максат менен ушундай иштерге барып жатышат. Бул эми белгилүү нерсе.

- Сиз тергөө жараяны менен таанышып жаткан учурда жүрөгүнүз ооруп ооруканага жатып калдыныз. Керт башыңыздын кыйналганына кайыл болуп, Кыргызстанга барып соттон акталып чыгам деп ишенип турасызбы?

- Бул жерде бир кызыктуу жагдай болду. Тергөө кандайча болгону тууралуу көп жерде айткан жок элем, эми "Азаттыктын" угарман-окурмандарына айта кетейин. Мени 10-март күнү тез жардам машинасы менен Республикалык кардиология борборуна алып келишти. Ошол учурда биз кардиологиялык борборго жете электе Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Жээнбековду алып келишет экен деп борбордун оозунда бизди күтүп турушкан экен. Мен буларды, албетте, билбейм. Борик кийин ошол жерде чогуу болгон адамдар айтып беришти.

-Алардын максаты эмне болгон?

- Алар Жээнбековду ооруканага алып келген жок, ал алдап тергөөгө келбей жатат, эгер ошол чын болсо аны алып барып камайбыз деген максат менен келишкен. Бирок мени алып келип реанимация бөлүмүнө жаткырышты. Ошондон баштап мен 15 күн кардиология борборунда жаттым, кудайдын куттуу күнү тергөөчүлөр, башка адамдар келип жатышты.

Дарыгерлер сурак кылууга, башка тергөө амалдарын жүргүзүүгө улуксаат бербей койгон экен, бирок ошого карабастан алар кадимки жумушуна келгендей болуп келип, мени көрүп кетип жатышты. Мыйзам боюнча мындай кылууга алардын акысы жок эле, кийин дарыгерлер дагы айтышты.

Адам ооруканада жаткандан кийин, андан калса жүрөгү ооруган кишиге кандайдыр бир тынчтык керек болчу. Булар болсо тескерисинче моралдык-психологиялык жактан басым жасап, мунун духун өлтүрөбүз деген максатта күндө ооруканага келип, мага көрүнүп жатышканынын өзү мага оор тийип жатты да. Аябай оор тийет экен. Албетте, эми бул коркуу сезими эмес, бирок адамда кандайдыр бир деңгээлде өзүн-өзү сактоо сезими болуш керек.

Менин коргоочум “мына Жээнбеков азыр ооруканада жатат, учул мезгилде ишти убактылуу токтото тургула” деп өтүнүч келтирди. Бул мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок алар мыйзамды аткаруудан баш тартып тергөөнү токтотпой коюшту. Акырында мен ооруканадан чыккан күнү булар тергөөнү бүтүп, иштин материалдары менен тааныштырып, анан алар ишти сотко өткөрүшүптүр.

- Анан айтсаныз, Америка Кошмо Штаттарына кантип келдиниз, же дарыланып келүүгө улуксаат бериштиби?

- Тергөө бүткөндөн кийин мыйзамга ылайык мен эч жакка чыкпоо тууралуу тергөөчүгө тил кат бердим. Бирок менде Бишкекте операция жасатууга мүмкүнчүлүк жок, экинчиден ишеним да жок экенин тергөөчүгө айтып, башка жакка барып операция жасатуу керек болуп жатат десем ал түшүндү.

Тергөөчүгө рахмат, ал киши "Болуптур. Сиз барып келиңиз. Ага чейин мен кагаздарды тиркеп, тигинтип-минтип, ишти сотко, прокурорго өткөрөм. Ошентип бир 15-20 күндө иш сотко барып калат, ага чейин сиз келип калыныз" деди. Мен ал кишиге эч жакка качпайм, мен келип берем деп убада бердим. Ошондой бири-бирибизге убада берип, ишеним менен мен ушул Нью-Йорк шаарына келип отурам.

- Ушул сөздөрдүн артында ата-бала Жээнбековдордун Кыргызстандан чыгып кетишине мүмкүнчулүк берилди деп ойлобойсузбу?

- Жок. Мен тергөө учурунда дагы айткам. Биздин тилектеш, оппозицияда жүргөн дос-санаалаш достор, жолдоштор дагы балана жакшылык кылбаган бул бийлик сага жакшылык кылмак беле, андан көрө мүмкүнчүлүк болсо кетип кал деген сөздөр бир топ эле болду. Бирок мен ошондо эле бүгүнкү күндө менин балам аргасыздан чет мамлекетте жүрүп атса, анан ага барып мен да кошулуп, экөөбүз тең жүрүп алсак, анда биз элдин бетин кантип карайбыз. Анда Жээнбеков деген атыбызды өчүрүп башка ат менен бул жакта жашап калышыбыз керек. Кандай болгон күндө дагы мен Кыргызстандан качпайм. Кайтып келем! деген сөз менен келгем. Ошондуктан кайтып Кыргызстанга барам.

- Рахмат, Бабырбек мырза! Тезирээк сакайып кетиңиз.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG