Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Ирак өкмөтү менен “Ойгонуу кеңешинин” алакасы эмнеге бузулду?


IИрак. "Сахванын" куралын тапшырган жоокерлеринин бири Фадел районундагы бекеттердин биринде, 2-апрель 2009
IИрак. "Сахванын" куралын тапшырган жоокерлеринин бири Фадел районундагы бекеттердин биринде, 2-апрель 2009

Ирак суннилеринин “Сахва” же “Ойгонуу кеңеши” деп аталган тобунун башчыларынын бирин камакка алуу Багдаддагы кырдаалды курчутту. Уюткусун мурдакы козголоңчулар түзгөн бу топ менен тил табуу - Ирак өкмөтү үчүн өлкөдөгү жаатташтыкты басууда чоң сыноо болчудай.

Ирактык суннилердин “Сахва” же “Ойгонуу кеңеши” деп аталган куралдуу тобу АКШлык аскерлер 2007-жылы “ал-Каидачыларга” каршы баштаган операцияда чечүүчү күч болгон. Бирок былтыр ноябрда АКШ армиясы аларга мурдакыдай ырааттуу маяна төлөөнү токтотту. Ошондо алардын бир жаатына Ирактын коопсуздук күчтөрүнө өтөсүңөр деп, экинчи бирөөлөрүнө башка жумушка орнотулганыңарга чейин өкмөт 300 доллардан айлык төлөп турат деп убада кылынган. Ага карабай, шииттер башындагы Ирак өкмөтү эки-үч айдан бери сахвачыларга маяна төлөй элек. Экс-согушчандарга маянаны саалгыгып берүүнүн себеби - өкмөттүн акчаны баш ийдирүүчү курал ирети пайдаланмакчы болгонунда, дейт Бейруттагы Иракты изилдөө институтунун директору Фали Абдул Жаббар “Азаттыкка” берген интервьюда:

- Ирак өкмөтү үчүн аларды коомго аралаштырып, реинкорпорациялоо өтө эле сезимтал маселе. Бийлик айлык маяналарды кечиктирип берүүнү, чынында эле, жанагы элементтер менен топторду баш ийдирүүнүн куралы ирети пайдаланууда.

Жаббардын айтышынча, сунни согушчандарын Нури Малики жетектеген өкмөтүнүн убадасында турбаганы, өзгөчө, марттын аягында “Сахванын” Багдаддын түндүк ныптасындагы Фадел аймактык тобунун башчысы Абдел Машхадани камакка алуу кыжырдаткан. Машхадани киши өлтүрдү жана талап-тоноочулук кылды деп шектелип кармалгандан кийин Ирактык күчтөр менен сахвачылар арасында уруш чыккан. Козголоңчуларга кошулган суниилердин саны көбөйгөн. Бирок Ирак өкмөтүнүн өкүлү мындай маалыматты калпка чыгарып, сахвачылар менен оор салгылашуулар болбоду деп билдирген.

“Ойгонуу кеңешинин” Түштүк Багдад бөлүмүнүн лидери Мустафа Камил Шабибдин ырасташынча, анын бир да жоокери кайра “ал-Каидага” өтө качкан эмес. Анткен менен, Шабиби сунни согушчандарында премьер-министр Нури эми эмне кылат деген кооптонуу күчтүү экенин айткан:

- Ачыгын айтсам, алар коркушууда. Премьер-министр “Сахванын” мүчөлөрүнө мунапыс берип, аларды армияга алып, биздин тынчсыздануубузду басат деген үмүтүбүз бар.

Премьер-министр Малики мурдакы козголоңчулар өкмөткө кандай көмөк көрсөтпөсүн, мыйзам алдында жооп берсин деп санайт.

Малики бул көзкарашын өзгөртпөсө, бейруттук талдоочу Фали Абдулл Жаббардын боолгошунча, 2007-жылдан тарта америкалык аскерлер жетишкен ийгилик текке кетет, адватчылар дагы баш көтөрөт. Жаббардын айтышынча, Маликинин сунни согушчандарына ишенбөөсү бийликтеги шиит чиновниктери арасындагы “сахвачыларга” канчалык ишеним көрсөтпө, алар өкмөттү кулатып, бийликке Саддам Хусейндин БААС партиясын алып келет деген көз-карашын чагылдырат.

XS
SM
MD
LG