Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

А. Айтикеевди президенттикке талапкердикке Чүйдөн алты айыл сунуштады


Мындай мазмундагы кат “Азаттыкка” Чүй районундагы Ак-Бешим, Кегети, Мээнеткеч, Кошой, Кош-Коргон, Чүй айылдарынын шайлоочуларынын атынан келди. Катта СНГ, Балтия, Чыгыш Европа мамлекеттеринин Эл аралык өнөр жайчылар жана ишкер адамдар Конгрессинин вице-президенти, 2005-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болгон Акбаралы Айтикеевдин талапкердигин 3 миң шайлоочу колдогондугу белгиленген.

Буга чейин президенттик шайлоого барарын президент Курманбек Бакиев, “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу билдирген. БШКга талапкер болуу тууралуу арызды Назарбек Нышанов, Дамира Өмүркулова жана Исмаил Исаков беришкендиги маалымдалды. Шайлоо Кодексинин 25-беренеси боюнча талапкерди көрсөтүү укугунан талапкер болууну каалаган адам жана саясий партиялар гана пайдалана алышат. Президенттик шайлоо 23-июлда өтөт. (BuS)

XS
SM
MD
LG