Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Түндүк Корея олуттуу кадамдарга барарын эскертти


Эгерде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын ракета сынагына каршы чара көрсө, расмий Пхеньян олуттуу кадамдарга барат. Бул тууралуу Түндүк Кореянын БУУдагы элчиси Пак Ток Хан билдирди. Ал кандай кадамдар болорун элчи ачыктаган жок жана Түндүк Корея өткөн жекшембиде (5-апрелде) ракета эмес, жасалма жандоочу учурганын белгиледи. АКШ, Жапония жана Түштүк Корея Пхеньян Коопсуздук кеңешинин 2006-резолюциясын одоно бузуп, баллистикалык ракета учурганын ырасташса, Орусия менен Кытай эл аралык коомчулукту сабырдуулукка үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG