Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

АКШ президенти алдыдагы 18 ай Ирак үчүн чечүүчү учур болорун эскертти


7-апрелде Багдадга күтүүсүз сапар менен барган АКШ президенти Барак Обама алты жылдан берки операцияда Иракка өз алдынча демократиялык өлкө болгонго мүмкүндүк түзгөнү үчүн жоокерлерге ыраазылык билдирип, эми Ирак эли өз өлкөсү үчүн жоопкерчилик алышы керектигин белгиледи. Обама Ирактын борборуна чукул жердеги аскерий базада болуп, америкалык жоокерлер, командачылыктын өкүлдөрү менен жолугушту. АКШнын Ирактагы аскерлеринин колбашчысы Рэй Одиерно акыркы окуяларга карабастан өлкөдө коопсуздуктун деңгээли кыйла чыңдалды деп билдирди. 2003-жылдын мартынан бери америкалыктар Иракта 4266 жоокерин жоготушту.

XS
SM
MD
LG