Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" таңкы маегинде президенттик шайлоого барууга баш тартуусунун себеби, оппозициянын биригүү мүмкүнчүлүгү, программасы тууралуу кеп салып берди.

“Азаттык”: -Өмүрбек мырза, президенттик шайлоого баруудан баш тартууңуздун себеби катары оппозицияны бириктирүүнү атадыңыз. Ал максат ишке ашып жатабы?

Ө.Текебаев: - Кийинки жума ичи биз бирдиктүү тактикага токтолобуз. Менин президенттик жарышка катышуудан баш тартуумдун эң негизги себеби мына ушул тактиканы тандоодон улам келип чыкты. Колдон келсе биз бир кандидат менен чыкканга аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: -Шайлоого катышууга баш тартууга башка себептер болдубу? Партиялаштарыңыз сиздин чечимди кандай кабыл алды?

Ө.Текебаев: -Партия бул эми күжүрмөн уюм. Алар өз алдынча катышсак деп талпынып турат. Бирок чечимди партиянын Жогорку кеңеши кабыл алды. Ал боюнча биз көптөгөн кырдаалды эске алдык. Жеке популярдуулук ар дайым эле жеңиштин кепилдиги боло бербейт. Андан башка да көп шарттар керек. Анын ичинде уюштуруу шарттары керек. Биз баарын кеңешип отуруп, мүмкүнчүлүгү чоң, реалдуу талапкерге токтололу деп чечтик.

“Азаттык”- Сиздин чечим өзгөрүшү мүмкүнбү? Өзгөрсө кандай шартта?

Ө.Текебаев:-Таптакыр эле эч ким чыкпай калса ойлонуп көрөбүз.

“Азаттык”: -Айрым саясий күчтөр шайлоого бойкот жарыялоо мүмкүнчүлүгүн аташты. Саясат таануучулар болсо бойкот жарыялоо оппозициянын алсыздыгын билдирет деп жатат. Сиздин көз караш кандай?

Ө.Текебаев:- Туура, бойкоттон майнап чыкпайт. Эгерде биз Европа өлкөсүндө жашасак бир тыйын кетирбестен туруп, талапкерликти коюп утуп алсаң болот. Бир тыйын кетирбестен туруп, бойкот кылып, өз тарапкерлериңди шайлоого барбагыла десең-шайлоо кыйрайт. А бирок бүгүн биздин шартта шайлоого келбегиле деп элге айтсак, эл бизди угуп келбей койсо, анда участокторду ким көзөмөлдөйт, келбегендердин ордуна добуш берип, өздөрү каалаган мандатын жазып алса, ага ким каяша айтат. Шайлоого катышуу жолу менен гана шайлоону көзөмөлдөсө болот, шайлоого катышуу жолу менен бойкот уюштурса болот, шайлоого катышуу жолу менен элдин укугун, таза шайлоолорду, мыйзамдарды коргосо болот.


“Азаттык”: -Оппозиция ичинен Исмаил Исаков президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Дагы кимдер чыгышы ыктымал?

Ө.Текебаев:-Биз жогоруда айткандай тактиканы тандап алганбыз. Кээ бир саясатчылардын талапкер болуп көрсөтүлүшү ал тактикага каршы келбейт. Биз бир нече талапкерлерге өз алдынча чыкканга мүмкүнчүлүк бергенбиз. Алардын ичинен Исмаил Исаков гана азырынча өз алдынча чыкты.


“Азаттык”: - Оппозициянын ичинен бирдиктүү талапкер болууга Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү, даярдыгы көбүрөөк деп айтылууда. Сиз кандай деп ойлойсуз?

Ө.Текебаев: -Азыр ар кандай көз караштар, сүйлөшүүлөр болуп жатат. Биз акыркы чечимибизди 15-апрелде айтабыз.

“Азаттык”: -Оппозициянын программасы жок деген сөз көп айтылат. Сиздердин программанын негизи эмне?

Ө.Текебаев:- Биздин саясий багыттагы программабыз жаңы Концепцияда чагылдырылган. Ал Концепциянын бет ачаарын АКШда, башка өлкөлөрдө жасап келдик. Кыргызстанда да ал жарыяланган. Ошондуктан саясий программасы жок дегендер жаңылышат. Биз өзүбүздүн багытыбызды президентке караганда алда канча мурун айтканбыз. Биз өзүбүздүн багытыбызды ноябрда айтканыбыз жетиштүү. Ал эми президент төрт жыл башкаргандан кийин мен программа издеймин, багыт издеймин деп, таягын жоготкон сокурдай болуп темселеп отурат. Мунун өзү кечирилгис күнөө.Өлкөнү ал төрт жыл багыты жок башкарып келгендигин билдирет. Ал эми биздин экономикалык программабыздын артыкчылыгын акыркы дүйнөлүк кризис көргөздү. Либерализмдин атасы болгон Америкада, андан кийин Европада мамлекеттик көзөмөл, чоң бизнестин, жеке бизнестин коомдук жоопкерчилиги жөнүндө сөз козголуп жатат. Мунун өзү биз сунуштаган система, биз сунуштаган идеология туура экенин дүйнөлүк практика көргөзгөнүн далилдейт. Биз биринчи кезекте табийгый байлык элге кызмат кылыш керек, чоң бизнес элге кызмат кылыш керек. Мамлекет көзөмөлдөп туруш керек. Мамлекет көзөмөлдөш үчүн коррупцияга каршы келишкис катуу чара көрүш керек деп келатабыз. Ал эми коррупция болгон жерде мамлекет өзүнүн көзөмөл функциясын аткара албайт. Ал эми биз дүйнөдөгү эң коррупцияланган төрт өлкөнүн катарында төрт жылдын ичинде туруп калдык.

“Азаттык”: -Оппозиция азыртан эле мөөнөтсүз акциялар жөнүндө сөз кылууда, шайлоонун аягы кандай болот?

Ө.Текебаев:-Фальсификация болбосо, уурулук болбосо Бакиев өтпөйт. Ага 5% адамдар ыктыярдуу добуш беребиз деп турат. Өкмөт, бийлик фальсификацияга даярдык көрүп жатат. Эл көтөрүлүп, уурлукка каршы туруш керек. Уурунун колун сындыргандай болуш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG