Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Молдолор атайын форма кийишет


Мындан ары Кыргызстандагы жети облустун казылары жана муфтий атайын даярдалган форма кийип жүрүшөт. Мусулмандар дин башкармалыгынан алынган маалымат боюнча бул демилге муфтий Мураталы ажы Жуманов менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун жолугушуусунда чечилген. Молдолор кийүүчү форма улуттук маданиятка жана кыргыз элинин үрп-адатына ылайыкталып, ак кездемеге оймо-чиймелер салынып тигилмекчи. Муфтийдин чепкени алардан өзгөчөлөнүп, оймо-чиймелери татаал болот. Мындан тышкары казылар менен муфтий Меккенин энбелгиси болгон кара ташты төшбелги катары тагынууга да милдеттендирилди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG