Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Акылбек Жапаров: Кыргызстанга экономикалык кризистин салакасы тиет


Бирок биз үчүн башка мамлекеттерге караганда жеңилирээк болот, деп билдирди бүгүн экономикалык өнүгүү жана соода министри журналисттерге. Анын айтуусунда кризис узак мөөнөткө созулушу мүмкүн. Министрдин маалыматы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) 40% жакыны соода менен тейлөө кызматтарынан түшөт. “Бирок акыркы убактарда булардын иши чабалдаша баштаганы байкалууда. ИДПнын өнүгүшү боюнча быйыл өткөн жылга караганда 0,5% жетпей калды. Азыр бардык жерде инвестиция үчүн күрөш болуп атат. Өткөн жылы өлкөгө 663 млн. доллар инвестиция келген, быйыл 500-600 млн. доллардын тегерегинде келүүсү ыктымал,” дейт Акылбек Жапаров. Анын белгилөөсү боюнча Орусиядан келген 300 млн. доллар кредит социалдык иштерге эмес, экономикага, анын ичинде бизнес долбоорлорго бөлүштүрүлүүсү күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG