Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Быйыл мамлекеттик бюджетке 5,5 млрд. сом түшпөй калуу коркунучу бар


Буга дүйнөлүк экономикалык кризистин запкысынан улам ишин токтотууга же өндүрүшүн азайтууга аргасыз болгон ишканалардан салыктын аз түшүүсү негизги себеп. Мындай маалыматты бүгүн экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда булардын башында Токмоктогу айнек заводу, Кант цемен-шыйпыр комбинаты, Айдаркен сымап жана Кадамжайдагы сурма комбинаттары турат. Министрдин белгилөөсү боюнча Кыргызстан өзү экономикалык кризистен анча запкы тартпаганы менен, негизги соода өнөктөштөр болгон Орусия менен Казакстанда абал начарлап баратканы терс таасирин тийгизбей койбойт.
Бүгүн ошондой эле каржы министри Марат Султанов милдеттүү патенттен алынуучу 650 млн. сомдук салык казынага түшпөй калуусу күтүлүп жаткандыгын эскертти. Анын айтуусунда жаңы салык кодекси боюнча алдын ала эсептелген 950 млн. сом дээрлик үч эсеге кыскарат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG