Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Төрт жыл ичинде чет өлкөлүк жарандар 225 кыргызстандык баланы асырап алышкан


Бул балдардын дээрлик бардыгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, анткени КР мыйзамдары дени сак балдарды чет өлкөлүктөрдүн багып алуусуна уруксат бербейт. Мындай маалыматты бүгүн вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева үч фракциянын жалпы отурумунда билдирди. Анын айтуусунда акыркы төрт жыл ичинде АКШ жарандары тарабынан 164 бала, Швециялыктар -21, Германиялыктар -1, ЮАР -5, Израилден -20, Италиядан -1, Швейцрариядан -1 жана Франциянын жарандары тарабынан бир нече бала асырап алынган. Өктөмхан Абдуллаева кыргызстандык жарандардын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды багып алууну каалагандар жоктугун айтып кетти. Өктөмхан Абдуллаева АКШга алынып кеткен балдар боюнча маалыматтар бардыгын, аларды Америкадагы кыргыз элчилиги көзөмөлүнө алгандыгын айтып, бирок ошол эле учурда алардын ден соолугу менен таанышуу үчүн АКШга сапар уюштурулуп жатканын айтып кетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG