Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

"Азыркы кыргызстандыктын бейнесин” коомчулукка жайылтуу башталды


“Кебел” жаштар уюму “азыркы кыргызстандыктын бейнесин” коомчулукка жайылтуу иш чараларын баштады. Алгачкы жаштардын жолугушуу-талкуусу И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүлдү. Бул тууралуу “Кебелдин” өкүлү Атыр Абрахматова 8-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Студенттер менен жолугушууда “кебелчилер” азыркы кыргызстандыктын бейнесин көрсөтүштү. Алардын баамында азыркы кыргызстандык – бул жигердүү, ыкчам, сабырдуу, кеңири ой табылгалуу жана бир канча тил билген атуул болуусу керек. Башкача айтканда, учурдагы кыргызстандык атуул заманбап талаптарга жооп берүүсү зарыл. Уюм мүчөлөрүнүн пикиринде, жогорудагы бейнеге туура келген жаштардын саны Кыргызстанда көбөйүп жатат. Учурда “Кебел” жаштар уюмунун демилгечилери борбордогу студенттердин арасында жайылтуу иштерин жүргүзүүдө. Апрелдин экинчи жарымынан баштап “Азыркы кыргызстандыктын бейнесин” аймактарда презентациялоо болот.(SA)

XS
SM
MD
LG