Ага жараша оппозиция депутатты колдоо акциясына чыкпайт. Бул тууралуу парламенттеги маалымат булагына таянып БЭКтин мүчөсү, саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. ЖК депутаты Иса Өмүркуловго Башкы прокуратура мамлекеттик кызматта иштеп турганда пара алды, кызматынан кыянат пайдаланды деп иш козгоп, кол тийбестик укугунан ажыратууну парламенттен сурап жаткандыгы мурда кабарланган.
Кошумчалап койчу жагы бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы сессиясы 13 маселени караганы жатат. Алардын басымдуу бөлүгүн экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлору түзөт. (BuS)
Кошумчалап койчу жагы бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы сессиясы 13 маселени караганы жатат. Алардын басымдуу бөлүгүн экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлору түзөт. (BuS)