Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Мусулмандардын борбордук мечитин курууга 3,261 гектар жер берилди


Буга байланышкан жардыкка президент Курманбек Бакиев кечээ кол койду. Жардыкта жер 49 жылга пайдаланууга берилгени белгиленген. Жаңы мечит курула турган аймак Бишкектеги Жибек жолу көчөсүндө, Чыгыш автобекетине жакын жайгашкан. Буга чейин шаардын батыш чекесинен бөлүнүп берилген жер аянты курулушка жараксыз деп табылган болчу. Муфтияттын маалыматына караганда курулушка 40 млн. доллар талап кылынат. Бул каражаттын алтымыш пайызын мусулман өлкөлөрү жардам иретинде берет, калганын диний башкармалык өзү табышы керек. (BuS)

XS
SM
MD
LG