Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:47

"Ак жол" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Т. Орозалиев “Азаттыктын” таңкы маегинде партиянын курултайы, президенттин жаңы багыты жана шайлоо тууралуу кеп салып берди.

“Азаттык”: -Табылды мырза, “Ак жол” париясынын 11-апрелге белгиленип жаткан курултайы кечирээк мөөнөткө жылдырылып жатат экен. Ага эмне себеп болду?

Т.Орозалиев:- Өзүңөр билесиңер биз февраль айында болгон “Ак жол” партиясынын саясий кеңешинде 11-апрелде курултай өткөрөлү деп чечкенбиз. Бирок Конституциялык соттун (президенттик шайлоону белгилеген) чечими бизге да күтүүсүз болуп калды. Андан кийин биз Жогорку Кеңеште быйыл 23-июлда президенттик шайлоону өткөрүү чечимин кабыл алдык. Үчүнчүдөн, жакында президентибиз өлкөнү жаңылантуунун багытын жарыялады. Мына ошого байланыштуу курултайыбызды кийинчерээк мөөнөткө жылдырууга туура келип жатат. Анын үстүнө өзүңөр билгендей, президенттикке талапкерликке Шайлоо кодексине ылайык инсан өзүн-өзү көрсөтө алат, же партиялар өзүнүн курултайында көрсөтөт. Бөлөк жол жок. Ошого байланыштуу курултайды артка жылдырууга мажбур болуп жатабыз.

“Азаттык”:
-Курултайдын күн тартибинде кандай маселелер болот?

Т.Орозалиев:- Курултайдын күн тартибинде бир жыл ичинде жасалган иш боюнча отчет берүү бар. Анда ийгилик, кемчиликтерге талдоо берилет. Ошондой эле курултайда партиянын уставына өзгөртүү киргизебиз. Ал дагы өнүктүрүп-өркүндөтүлүш керек. Албетте шайлоого байланыштуу президенттикке талапкер көрсөтүү маселеси да турат.

Азаттык”:- Талапкерликке азыркы президентти көрсөтүү белгиленген да?...

Т.Орозалиев:- Сөзсүз президентти көрсөтөбүз. Ал партиянын лидери. Президентти гана көрсөтөбүз.

“Азаттык”: -Шайлоонун адилет өтүшүн камсыздоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жарымын оппозициядан сунуштоону оппозиция жана өкмөттүк эмес уюмдар сунуштап жатат. Парламенттик шайлоодогу кемчиликтер БШКнын азыркы курамына ишеним бербейт деп жатышат. Анын үстүнө БШКнын мурунку башчысы качып кеткени да белгилүү...

Т.Орозалиев: Бул маселе боюнча айтаарым, биз бекиткен БШКнын мүчөлөрү ар кайсы партиялардан, өкмөттүк эмес уюмдардан келген. Ал жагы толук аткарылган. Мыйзамда БШК кандай куралышы так жазылган. Ал иш мыйзамга ылайык толук аткарылган деп ойлоймун. Анан кийин эле сөзсүз эле мен оппозиционермин, анан сөзсүз эле мен киришим керек деген доомат туура эмес болуш керек. Оппозициядан бөлөк деле жарандык коом бар да бизде.Алардын деле мүчөлөрү бар менин билишимче.

“Азаттык”: -Президент өзүнүн “Жаңылануу багытында” парламентаризимди, тагыраак айтканда парламентти борборчул партиялар менен күчтөндүрүүнү сунуштады. Аны ишке ашыруу үчүн парламенттик шайлоо күзүндө болуш керек, мына ошондой болот дегендер да бар. Сиздин оюңузча кандай болуш керек?

Т.Орозалиев: - Менин оюмча мындай да, оппозиция талап коюп келбеди беле Конституциянын жаңы редакциясы боюнча президенттик шайлоо ушул жылы өтүш керек деп. Анткени себеби президент 2005-жылы 2003-жылдагы Конституциянын негизинде шайланган деп. Ал эми парламентти алып көрсөк, ал бүткүл элдик референдумда кабыл алынган азыркы Конституциянын негизинде шайланган. Ал Конституция иштеп жатат. Ошондуктан парламенттик шайлоону быйыл, же эмки жылы өткөрүүгө эч кандай негиз жок.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG