Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

ЖК президентти кол тийбестиктен ажыратууга каршы


“ “КРнын президентинин ишмердигинин кепилдиги” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзам долбоорун парламент бүгүн четке какты. Долбоорго демилгечилик кылган Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов бул мыйзамдын 12 жана 18-беренесин алып салуу сунушун киргизген эле. 12-беренеге ылайык өлкө башчысы кол тийбестиктен ажыратылып, ага кылмыш жана административдик жаза колдонуу мүмкүнчүлүгү ачылмак. Ал эми 18-беренеде президенттин ар-намысы корголууга тийиш деп жазылган. Депутат Бакыт Бешимовдун пикиринде мыйзамда көрсөтүлгөн бул жоболор коррупцияга каршы күрөшкө жолтоолук кылат. “Ак Жол” партиясынан депутат, Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов Башмыйзамдын 51-беренесинде президент коррупциялык аракеттерге барса, бул үчүн атайын жоболор каралганын белгилеп, мыйзам долбооруна каршы чыкты. (EK)

XS
SM
MD
LG