Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Социал-демократтар Кадамжайдагы нааразылык чарасына кошулушат


Социал-демократтар фракциясы тараткан маалыматта айтылгандай, фракциянын мүчөлөрү да Кадамжай сурма комбинатынын социалдык обьекттери сатылышына каршы. Ошондуктан, алар бүгүн нааразылык чарасына чыгышкан жумушчуларды колдоого алышууда. Мындан тышкары социал-демократтар бул маселе боюнча президентке, өкмөт башчыга, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетке кайрылып, элдин мүлкүн талап-тоноону талап кылышкан.
Белгилей кетүүчү нерсе ушул тапта Кадамжай сурма комбинатынын профсоюз комитетинин мүчөлөрү комбинатка тиешелүү социалдык обьекттерди сатууга каршылыгын билдиришип, “Металлург” маданият үйүндө отурушат. Ал эми мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет социалдык обьекттерди сатып алуу комбинаттын жетекчилигине сунушталганын маалымдап, бирок аларда каржылык кыйынчылык болуп жаткандыктан, сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетпей тургандыгын билдирди. Азырынча сатыкка “Жийделик” эс алуу борбору коюлууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG