Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Кадамжайдагы “Металлург” маданият үйүндөгү нааразычылык акциясы аяктады


Бул тууралу “Пенсионерлерди социалдык коргоо” коомдук фондунун төрагасы Владимир Лукьянов “Азаттыкка” билдирди. Уюштуруучулардын айтымында акциянын негизги максаты мурда Кадамжай сурма комбинатына тиешелүү болуп келген “Жийделик” эс алуу жайынын Мамлекеттик мүлк комитети тарабынан сатыкка коюлгандыгына каршы экендиктерин билдирүү эле. “Пенсионерлерди социалдык коргоо” коомдук фондунун төрагасы Владимир Лукьянов акцияга 250-300 киши, жергиликтүү ММКнын өкүлдөрү катышты, деп билдирди. Нааразычылык митингинин катышуучулары акциянын соңунда Президентке кайрылуу жолдошту. Акцияга чакырылган район акими Асамидин Ташов нааразычылык акциясына 50-60 пенсионерлер келишкен, акция тынч маанайда өттү, деп маалымдоодо. Анын айтуусунда сатыкка коюлуп жаткан эс алуу жайы мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети тарабынан 1млн. 200 миң сом баштапкы баада сатыкка коюлганы чындык. Бирок, ал жерден пайда түшөрү күмөн. Эс алуу жайында болгону балдар жайында киринүүчү кичинекей көл бар”- дейт район акими А. Ташов.(ZKo)

XS
SM
MD
LG