Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

УКМК кызматкерлеринин аракети боюнча арыз Ноокат райондук прокуратурасына жолдонду


Ноокат окуясына катыштыгы бар деп соттолгон Исмаилжан Орозбаевдин туугандары бүгүн Ноокат райондук прокуратурасына кайрылышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” И. Орозбаевдин таекеси Казим Туракулов маалымдады. Анын айтуусунда кечээ эртең менен Ош жана Ноокат УКМКнын үч кызматкери келип, анын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Алардын бири Саламат Сатаров негизсиз себеп менен К. Туракуловдун ата-энесине тапанча такап, ок чыгарган. Казим Туракуловдун маалыматы боюнча УКМК кызматкерлери райондук УКМК жетекчиси Бөкөевдин Туракуловдун үйүн тинтүүгө берген санкциясынын негизинде келишкен. Кечке жуук окуя болгон жерге райондун акими, райондук прокурор, депутаттар келип, бул ишти териштирүүгө убада берип, айылдын элин тынчтыкка чакырышкан. Бүгүн Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү келип, окуянын чоо-жайы менен таанышып кетишти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG