Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Грузияда оппозициянын демонстрациясы башталды


Грузин оппозициясынын билдиргенине караганда, алар нааразылык акциясын президент Михаил Саакашвили кызматтан чегинге чейин өткөрөт. "Бириккен Грузия" үчүн кыймылынын лидерлеринин бири Ека Беселианын айтымында, демонстрациялар борбор калаа Тбилисиден тышкаркы чоң шаарлардын баарында уюштурулат.

2007-жылдын ноябрында президент Михаил Саакашвили оппозициянын демонстрациясын күч менен таратып, андан эки айдан кийин өткөн мөөнөтсүз шайлоодо жеңишке жетишкен эле. Саакашвилинин оппоненттери ал шайлоодо бурмалоолорго барган деп эсептешет.

Талдоочулардын пикиринде, Түштүк Оссетиянын айынан былтыр августта Орусия менен болгон кыска согуштан кийин президент Саакашвилинин саясий салмагы төмөндөдү. Өткөн айда грузин бийликтери өкмөттү кулатууну көздөгөн кутумчулардын бетин ачканын жарыялап, оппозиция менен байланышы бар деп эсептелген он адамды камакка алган. Оппозиция болсо өкмөттү каралоо өнөктүгүн жүргүзүп жатканы үчүн айыптаган эле.

Грузиянын ички иштер министри Вано Мерасбишвили бүгүн полиция демонстрациялар өткөн жерлерде турарын, нааразылык акциялар тынч өткөн шартта анын жүрүшүнө кийлигишпей турганын билдирди. Оппозиция лидерлеринин бири Ираклий Аласаниянын айтымында, оппозиция ыңкылап жасоого кызыкдар эмес, бирок дүйнөгө грузиялыктар азыркы өкмөткө ишенбей турганын көргөзүүнү каалайт.

Грузиянын Проваслав чиркөөсүнүн башчысы Патриарх Илья II коопсуздук күчтөрүн демонстрацияларга кийлигишпөөгө чакырды. Президент Михаил Саакашвилини бекем колдоп келе жаткан АКШ эки тарапты нааразылык акциялары тынч өтүүсүн камсыздоого үндөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG